ЖИП ТҮРҮҮЧҮ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИП ТҮРҮҮЧҮ МАШИ́НА – кездеме токууда эриш ж-а аркак жиптерди түрүүчү механизм. Эриш жиптер жарыш ж-а кайчылаш түрүлөт. Мындай түрүлгөн жиптер ташууга, кайра тү­рүүгө, боёого ыңгайлуу. Ж. т. м. жипти конус,

цилиндр ж. б. формада түрөт. Жип түрүү үчүн көбүнчө М-150 машинасы колдонулат. Ж. т. м. жип оролуучу, жипти жаткыруучу, көзөмөлдөп­тазалоочу ж-а тартуучу жабдуулардан турат. Түрүлгөн жиптер токууга жөнөтүлөт.