ЖИРАРДО
ЖИРАРДО Анни (25. 10. 1931-ж. т., Париж) – фр. актриса. 1954-ж. Париж консерваториясын бүтүргөн. «Комеди Франсез» ж. б. театрларда иштеген. 1956-жылдан кинодо. Ж. чыглыгында белгилүү ролдордун бири – «Рокко жана анын бир туугандары» (реж. Л. Висконти, 1960) фильминен Надянын ролу болгон. «Манхэттендеги үч бөлмө» (1965, Венеция ЭКФ сыйл.), «Сүйүүдөн каза табуу» (1971), «Отсуз түтүн чыкпайт» (1973) ж. б. фильмдерде сыймыктуу ж-а күчтүү, чечкиндүү, өз тагдырын өзү чечкен аялдардын образын түзгөн. «Кара далы кыз» (1972, Батыш Берлин ЭКФ сыйл.), «Сантьягодогу жаан» (1975, Франция – БЭР), «Шектенүү» (1974, Италия) ж. б. фильмдерде көрүнүктүү ролдорду ойногон. «Реванш», «Доктор Франсуаза Гайан» (1981), «Пианистка» (2001) ж. б. фильмдерге тартылган.