ЖИТОМИР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖИТО́МИР – Украинадагы шаар. Житомир облнун адм. борбору. Тетерев д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 281,4 миң (2007). Өлкөнүн маанилүү экон. ж-а ил. борбору. Ири темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Машина куруу, металл иштетүү («Электроизмеритель» өндүрүш бирикмеси, станок-автоматтар, тиричиликке керектүү буюмдар), тамак-аш (эт, консерва ж. б.) ө. ж., эмерек комбинаты, муз. аспаптар ф-касы ж. б. иштейт. Ун-ттер, музейлер (а. и. космонавтика тарыхы), жазуучу В. Г. Короленконун ж-а академик С. П. Королёвдун үй-музейлери (ушул шаарда төрөлгөн) ж. б. бар. 9-к-да негизделген. 1320-ж. литвалыктар, 1569-ж. поляктар басып алган. Магистрат (18-к.), чиркөө, кафедралуу чиркөөлөр (18-к.) сакталган.