ЖИУ-ЖИЦУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИУ-ЖИЦУ – өзүн коргоо ж-а куралсыз кол салуу боюнча япон системасы. Анын ыкмалары­нын негизи адамдын денесинин коргоосуз кал­ган бөлүктөрүнө (күрөө тамыр, боор, көкүрөк ж. б.) сокку уруу. Жиу-жицунун негизги ыкмалары каршылашынын дем алуу жолдорун бууп, кол­дун ж-а буттун муундарын бурап бүгүп, түрдүү ыкмалар м-н көтөрүп чабуу ж-а тушоо болуп саналат. Жиу-жицу куралсыз коргонуунун элдик ык­малары катары Японияда байыртадан эле бел­гилүү. 13–14-кылымдарда түптөлүп, 14–19-кылымдарда самурай­лардын физикалык ж-а согуштук даярдыгынын систе­масы катары Японияда кеңири кулач жайган. 19-кылымдын аягында жиу-жицунун мыкты мектепте­рин тандоонун ж-а ыкмаларына жаңылоо кир­гизүүнүн негизинде япондордун дзюдо, 20-кылымда каратэ ж-а айкидо сыяктуу өз алдынча улут­тук спорт түрлөрү пайда болгон.