ЖОБО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖОБО – мамл. органдар системасынын (мис., КРдин министрликтери ж-дө жалпы жобо) же мамл. бир органдын (мис., Мамл. автомобиль инспекциясы ж-дө жобо) түзүлүшүн, милдетин, компетенциясын аныктоочу, о. эле уюмдардын (спорт ж. б.) иш-аракеттеринин максатын, тартибин ж-а белгилүү бир маселе б-ча (мис., ачылыштар, ойлоп чыгаруулар ж-а рационализатордук сунуштар ж-дө жобо) уюштуруучулук, мүлктүк, эмгектик мамилелердин жыйындысын жөнгө салуучу жыйынтыктуу, кодекстештирилген мүнөздөгү нормативдик акт.