ЖОГОРКУ МАТЕМАТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОГОРКУ МАТЕМА́ТИКА – техникалык ж-а айрым ата­йын окуу жайлардын окуу планына кирген ма­тематикалык сабактардын жыйындысы. Жогорку математиканын жал­пы курсуна аналитикалык геометрия, сызыктуу алгебра, математикалык анализ, эсептөө математикасы­нын негиздери, ыктымалдык теориясы, математикалык статистика, дифференциал теңдемелер теориясы кирет. Техникалык прогресстен улам бул курс математи­канын башка тармактары м-н да кеңейүүдө.