ЖОГОРКУ НЕРВ ИШИ
ЖОГОРКУ НЕРВ ИШИ – адам м-н жаныбардын борбордук нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнүн иши. И. П. Павлов: «Жогорку нерв иши бүтүндөй организмдин тышкы чөйрөгө нормалдуу татаал катышын камсыз кылат», – деген. Ал организм бөлүктөрүнүн өз ара катышын башкаруу жагынан борбордук нерв системасынан айырмаланат. Жогорку нерв иши жөнүндө окууну түзүүдө Павловго жол көрсөткөн И. М. Сеченов болгон. Ал «Мээнин рефлекстери» (1863) деген эмгегинде психикалык иш рефлекстеринин табиятына байланыштуу экенин бекемдеген. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда жогорку нерв ишинин негизи борб. нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнөн иштелип чыккан шарттуу ж-а шартсыз рефлекс болуп эсептелет. Мында чоң мээнин кыртыш ж-а кыртыш алдындагы бөлүктөрү тыгыз байланышта ж-а өз ара аракетте болуп, баары чогуу иштешет. Организмдин тышкы чөйрөгө ыңгайланышы ар кыл шарттуу рефлекстердин пайда болушу ж-а жоголушу м-н жүзөгө ашат. Айбанат дүйнөсүнүн тарыхый өсүү процессинде жогорку нерв ишиндеги шарттуу ж-а шартсыз рефлекстин мааниси бир аз өзгөрөт. Омурткасыз ж-а жөнөкөй омурткалуу жаныбарлардын жүрүм-турумунда нерв ишинин кийин пайда болгон түрүнө караганда тубаса түр үстөмдүк кылат, ал эми жаныбарлардын эволюция процессинде акырындык м-н жогорку нерв ишинде кийин пайда болгон форма басымдуулук кыла баштайт. Булар барган сайын өзгөрүп, шарттуу рефлекстик иш жалпысынан тышкы чөйрөгө ыңгайлануунун активдүү каражатына айланат. Павловдун пикири боюнча татаал түзүлүштүү жаныбарлардын (ит, маймыл) жогорку нерв иши адам ж-а жаныбарларга тең орток биринчи сигналдык системанын шарттуу рефлекстеринин жыйындысына алып келет. Эмгектин социалдык түрлөрүнүн өсүшүнө байланыштуу адамга гана тиешелүү экинчи кабар түйүнү пайда болот. жогорку нерв ишинде экинчи сигналдык система биринчиси м-н тыгыз байланыштуу болуп, адамдын жалпылоо, ойлоо жөндөмүнө негиз түзөт. Жогорку нерв иши жөнүндэгүү окуунун теориялык ж-а практикалык мааниси чоң.
Ад.: Павлов И. П. Полн. собр. тр. Т. З. М.; Л., 1949; Анохин П. К. Биология и нейрофизиология условного рефлекса. М., 1968.