ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР (ЖОЖ)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР (ЖОЖ) – жалпы ж-а атайын орто билимдин негизинде терең фундаменталдуу билимге ээ жогорку квалифи­кациялуу адистерди даярдоочу окуу-тарбия ме­кемелери. Ага ун-т, ин-т, жогорку аскердик окуу жайлар кирет. Айрым учурда ЖОЖ – акаде­мия, консерватория, жогорку мектеп, колледж деп аталат. Ун-ттер жогорку ил. даражага ж-а квалификацияга ээ окутуучулар ж-а профессор­лор м-н камсыз болушуна жараша илимдин ба­калаврдык, магистрдик, кандидаттык ж-а док­торлук даражаларын берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары ө. ж-дын, мад-ттын ж-а коомдук жашоо-тиричиликтин ар кандай тар­мактары б-ча адистердин квалификациясын өркүндөтүү иштерин да алып барат. Алгачкы жогорку (филос.) мектептер б. з. ч. 3–5 к-да Афины м-н Римде пайда болгон. Грузиядагы биринчи жогорку мектептер – Колхида (4-к.), Икалто, Герм, Гелати (11–12-к.) академиялары. 13–14-к-да Батыш Европанын бир катар шаар­ларында ун-ттер ачылган. 1579-ж. Вильнюс ака­демиясы, 1632-ж. Киев-Могилян академиясы, 1661-ж. Львов ж-а 1669-ж. Загреб ун-ттери, 1687-ж. Москвада Славян-грек-латын академия­сы уюштурулган. 1725-ж. Петербург академия­сынын алдында Академиялык ун-т, 1755-ж. М. В. Ломоносовдун демилгеси б-ча Москва ун­ти негизделген. 19-к-дын аягы – 20-к-дын ба­шында ири машина индустриясынын өнүгүшү м-н ун-ттер, инж. ж. б. тармактык ин-ттар көп өлкөлөрдө ачылган. Кырг-нда ЖОЖ Улуу Ок­тябрь соц. рев-ясынан кийин пайда болгон. Кыргыз ССРинде биринчи ЖОЖ – Кыргыз мамл. педагогика ин-ту 1932-ж. Фрунзеде ачылган. 1933-ж. Зооветеринария ин-ту ачылып, 1938-ж. Айыл чарба ин-туна айландырылган (к. Кыр­гыз агрардык университети И. Скрябин атн.). 1939-ж. сентябрда Фрунзеде Кыргыз мамл. меди­цина ин-ту (к. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы И. Ахунбаев атн.), 1939–40-ж. Ош (к. Ош мамлекеттик университети) ж-а Прже­вальск (к. Ысык-Көл мамлекеттик универси­тети К. Тыныстанов атн.) ш-нда мугалимдер ин-ттары уюштурулган. 1945-ж. башталгыч класстардын мугалимдерин даярдап чыгарууга багытталган кыз-келиндер окуу жайы уюшул­ган ж-а анын базасында 1950-ж. Кыргыз кыз­келиндер педагогика ин-ту түзүлүп, ага 1952-ж. В. В. Маяковскийдин ысмы ыйгарылган (к. Кыргыз мамлекеттик университети И. Ара­баев атн.). Оштогу мугалимдер ин-тунун база­сында 1951-ж. Пржевальскидеги мугалимдер ин-тунун базасында 1955-ж. педагогика ин-тта­ры түзүлгөн. Кыргыз мамл. ун-ти пед. ин-ттун базасында түзүлүп (1951), СССРдин 50 жылды­гы атн. (1972), кийин Ж. Баласагын атн. Кыр­гыз улуттук ун-ти (2002) аталган. 1954-ж. Фрун­зе политех. ин-ту (к. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети И. Раззаков атн.), 1955-ж. Кыргыз мамл. дене тарбия ин-ту (к. Кыр­гыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт ака­демиясы), 1967-ж. Кыргыз мамл. иск-во ин-ту (к. Кыргыз мамлекеттик искусство инсти­туту Б. Бейшеналиева атн.) ачылган. О. эле 1979-ж. Фрунзе орус тили жана адабияты педа­гогика ин-ту (к. Бишкек гуманитардык универ­ситети К. Карасаев атн., 1994), 1991-ж. Биш­кек милиция жогорку мектеби (к. Кыргыз Рес­публикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы Э. Алиев атн., 1999), 1992-ж. Кыр­гыз архитектуралык-курулуш ин-ту (к. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана ар­хитектура университети Н. Исанов атн., 1998), 1991-ж. Көркөм-сүрөт колледжи (к. Кыр­гыз Республикасынын улуттук көркөм-сүрөт академиясы Т. Садыков атн., 2004), Кыргызстан


Эл аралык университети (1991), Кыргыз-Россия Славян университети Б. Ельцин атн. (1991), Кыргыз-Түрк «Манас» университети (1995), На­рын мамлекеттик университети (1996), Бор­бордук Азиядагы Америка университети (1998), Кыргыз улуттук консерваториясы К. Молдо­басанов атн. (1998), Талас мамлекеттик уни­верситети (2000), Баткен мамлекеттик уни­верситети (2002) ж. б. окуу жайлары бар. Ошен­тип, 1991-жылдан кийин бир нече жаңы ЖОЖ-дор ачылып, ин-ттардын ун-тке айланышы м-н ЖОЖдордун ж-а студенттердин саны өстү. Кырг-ндын аймагында 1980–90-жылдарда бар­дыгы 10 ЖОЖ болсо, 2000–01-окуу жылында республикада ЖОЖдордун саны 40, ал эми сту­денттердин жалпы саны 188,2 миңди түзгөн, бул болсо 1999–2000-окуу жылына салыштырганда 29,5 миңге көп болгон. 2002-ж. ун-т, ин-т, ака­демиялардын саны 46га жеткен. 2002-ж. 54 окуу жайы, а. и. 31и – мамл., 15и – жеке менчик ж-а 8и – КМШ ЖОЖдорунун филиалдары бо­луп, аларда окутуу кыргыз, орус, казак, өзбек, англис, түрк, тажик, немис тилдеринде жүргүзүл­гөн. Коммерциялык ЖОЖ, ф-ттер, бөлүмдөр ачылган. 1990-жылга салыштырмалуу 2002–03- окуу жылында контракт м-н окугандардын саны 5,6 эсеге көбөйгөн. Окуу квалификациясында ж-а окутуу процессинде да реформалар жүргү­зүлүп, бакалавриат ж-а магистратура пайда болду. Тест, рейтинг системасы, кредиттик саат киргизилген. Кырг-нда ЖОЖдордун жалпы са­ны 1994–2004-жылдары 22ден 49га чейин өскөн. 2009-ж. 32 мамл. ЖОЖ, 20 мамл. эмес ЖОЖ болгон. М. Молдалиева, А. Элебесова.