ЖОЛ-КОЛОТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ-КОЛОТ – Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нун­дагы кыштак. Октябрь айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 1800 м бийикте, райондун бор­бору – Каракол ш-на түштүгүнөн канатташ жа­тат. Балыкчы т. ж. бекетинен 225 км. Калкы 2450 (2007); негизинен мал чарбасында эмгекте­нет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.