ЖОЛ-САЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ-САЙ – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нун­дагы кыштак. Кызыл-Туу айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңг. 1080 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кербен ш-нан 55 км түн.-чыгыш тарапта. Үч-Коргон т. ж. бекети­нен 110 км. Калкы 1038 (2007); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет.