ЖОЛ КУРУУЧУ МАШИНАЛАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖОЛ КУРУУЧУ МАШИНАЛАР – автомобиль ж-а т. ж-дорду курууда ж-а оңдоодо, о. эле гидротех., гражд., ө. ж. ж-а аэродром курулуштарында комплекстүү жумуш аткаруучу машиналар. Ж. к. м. бир нече түргө бөлүнөт: алдын ала даярдоо жумуштары үчүн – дарак кулаткычтар, бадал кескичтер, дүмүр чыгаргычтар, таш жыйнагычтар, жумшарткычтар; жер жумуштары үчүн – скреперлер, бульдозерлер; кыртышты ж-а жол таптоо үчүн – жол таптагычтар, дирилдек плиталар, таптагыч машиналар; жолдун негизин түзүү ж-а үстүн каптоо үчүн – битум ж-а цемент ташыгычтар, топурак аралаштыргыч машиналар, бетон аралаштыргычтар; жолду оңдоо ж-а пайдалануу үчүн – автогрейдерлер, бетон талкалагычтар ж-а кар тазалагычтар ж. б.