ЖОЛОЙ
ЖОЛОЙ Боогачы уулу (1888, азыркы Токтогул р-ну, Ничке-Сай айылы – 1934, ошол эле жер) – кыл кыякчы, комузчу. 1932–34-ж. Токтогул р-ндук элдик театрында иштеген. Комузчулук б-ча Токтогулдан таалим алган. Кыл кыякты адамдай сүйлөтүп тарткан. Айрыкча «Байге», «Кер толгоо», «Селкинчек», «Тору кашка ат, кокуй», «Эски кара күү», «Тайкожонун керөзөн» ж. б. күүлөрдү ийине жеткире аткарган. Ал эми комуз күүлөрүнөн

«Гүлгаакы», «Анжыяндыктардын дарты өттү», «Кар ач ач - З е й н е п» ,
«Кашка ат жаш кетти», «Эжекем менен жездекем» ж. б. к үү л ө рдү кол ойнотуп черткен. 1928-ж. музыка и зи лдөө чү А. Затаевич андан 17 күү жазып алган. Алар 1934-ж. Москвадан чыккан «250 кыргыздын күүлөрү жана обондору» аттуу жыйнакка кирген. Ж-дун «Байге», «Карачач-Зейнеп», «Кер толгоо» аттуу күүлөрү «Чолпон», «Саманчы жолу» балеттерине пайдаланылган.