ЖОМОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОМОК , ж ө ө ж о м о к – элдик оозеки чыг­лыктын эң байыркы жанрларынын бири, кара сөз түрүндөгү аңгемелер. Ж-тун айрым элемент­тери алгачкы коомдук түзүлүштүн учурунда эле пайда болуп, мезгилдин өтүшү, доордун алма-


шылышы м-н өркүндөп отурган. Ал муундан­муунга оозеки таралып келген. Ж-то элдин ар кайсы доордогу тиричилиги, айлана-чөйрөгө мамилеси, келечек ж-дөгү ой-тилеги баяндалат. Бирок булардын көпчүлүгү демейдеги адам тур­мушуна туура келе бербеген же такыр эле ок­шобогон, ойдон чыгарылган апыртма окуялар аркылуу берилет. Ж-тордун ж-а жөө жомоктор­дун кириш бөлүгү жомок башы аталат. Мис., «Манаста»: «...Көбү жалган, көбү чын, Көпчү­лүктүн көөнү үчүн...» деген саптар м-н айтылса, жөө жомоктордо «Илгери-илгери өткөн заман­да...», «Бар экен, жок экен...» дегендей салттуу сүйлөмдөр м-н башталат. Ал эми салттуу бүтүшү «Манас» эпосунда башкы каармандардын ка­йып болушу м-н аяктаса, жөө жомок соңу ата­лат. Мис., жомоктордо «...Ушинтип жыргап­куунап жашап калышыптыр...» дегендей бүтүм чыгарылат. Ж-ко каарман болуп адам эле эмес, өңчөй айбанаттар да, ал тургай жансыз нерсе­лер деле кире берет. Алардын баары адамча сүйлөп, адамча ойлонот; адамга каалаган учур­да жардамга келчү кыйбас дос же касташкан душман болот. Ж-ко мүнөздүү дагы бир ка­сиет – ар кайсы элдин Ж-торунда окшош идея­нын, теманын, сюжеттин, образдын жолугушу. Бул экон., тарыхый шарттын окшоштугу м-н түшүндүрүлөт. Ж-тогу окшоштуктар ар бир эл­дин өзүнө гана таандык улуттук мүнөзгө ээ (мис., кыргыз Ж-торуна көчмөн турмушту, жоокерчи­лик заманды сүрөттөө, ошого жараша башкы каармандын «алты ай минсе арыбас» аргымак атчан жүрүшү ж. б. өзгөчөлүктөр мүнөздүү). Кыр­гыз Ж-тору төмөнкүдөй бөлүнөт: 1) айбанаттар ж-дөгү Ж-тор; 2) кереметтүү Ж-тор; 3) турмуш­тук Ж-тор. Булардын байыркысы – а й б а­н а т т а р ж-дөгү ж-а к е р е м е т т ү ү Ж-тор. Таптык коомго чейин эле жаралгандыктан, алар­дын көбүндө магиялык, мифтик, тотемдик түшүнүктөр чагылдырылган (буга «Кожожаш­тын» айрым эпизоддору мисал). Бара-бара ал түшүнүктөрдөн анча-мынча гана элемент калып, Ж-тордун айбандар ж-дөгүсү тамсил катары, ке­реметтүү деп аталганы элдин кыялын, келечек­ке ой-тилегин туюндуруу максатын көздөгөн. Т у р м у ш т у к Ж-тор негизинен феодализм мезгилинде өнүгүп калыптанган. Булар компо­зициялык жагынан анекдотко жакын келет. Кыргыз элинин бул топко кирчү Ж-тору О. Азия­дагы башка элдердегидей эле, Алдар Көсөө, То­лубай сынчы, Асан Кайгынын ысымдары м-н байланышта айтылып, элдин турмушу, үрп-ада­ты даана сүрөттөлөт; сараң бай, алдамчы соо­дагер, зулумдук кылгандар ашкереленет. Кыр­гыз Ж-торун өз өзүнчө бөлүүдө фольклорист-оку­муштуулар К. Мифтаков, М. Богданова, К. Рах­матуллин, З. Бектенов, Т. Байжиев, С. Мусаев, Ж. Таштемировдун эмгеги чоң. Бул жанрдын кара сөз түрүндөгү майда аңгемелери ж ө ө ж о м о к делет. Кыргыз эл жомоктору оозеки чыг-лыктын башка түрүндөй эле 1920-жылдар­дан тартып жыйнала баштаган (К. Мифтаков, Ы. Абдрахманов, Ж. Жамгырчиев ж. б.). 1930– 40-жылдарда гезит-журналдарга жарыяланып турган, өзүнчө жыйнак болуп биринчи жолу 1957-ж. жарык көргөн. Кыргыз эл жомоктору­нун көбү бир нече тилдерге которулган.