ЖОН-АРЫК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖОН-АРЫК – Талас р-нундагы кыштак. А. Нуржанов атн. айыл округуна караштуу. Талас суусунун боюнда, деңиз деңг. 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 7 км чыгыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен 110 км. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 2753 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.