ЖОНГЛЁР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОНГЛЁР (латынча joculator – куудул, шайыр, тамашакөй) – 1) орто кылымдын башында Фран­циядагы кыдырма шайыр музыканттар (аларды гистрион деп да аташкан).

Жонглёрлор оюн көрсөтүүдө.

Анг­лиядагы менест­релдер, Германия­дагы шпильман­дар, Россиядагы скоморохтор да жонглёр сымал өнөр­поздор болгон. Эл­дин үрп-адатына, оюндарына байла­ныштуу чыккан бул өнөр музыкалык эле­мент менен поэзия­ны, ымдоо-жаңдоо менен акробатиканы бириктирип, профессионал деңгээлге көтөргөн. 2) циркте бир эле убакта бир нече буюмду шамдагайлык менен ыргытып, тосуп ала турган артист, кара, Жонгрглёрлоо.