ЖООН-АРЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖООН-АРЫК – Кочкор р-нундагы чоң суу. Тес­кей Ала-Тоонун түш. капталынан башталган Каракужур ж-а Төлөк сууларынын кошулушу­нан пайда болот. Уз. 34,8 км, алабынын аянты 1340 км2. Кочкор суусу м-н кошулуп, Чүй д-н түзөт. Ири куймалары: Кара-Кокту, Чалай, Кара-Кужур, Төлөк. Мындан башка 60тан ашык майда куймасы бар. Алабында жалпы аянты 0,15 км2 келген 2 көл жатат. Жылдык орт. чы­гымы 11,4 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы 131 м3/сек, эң азы – 1,97 м3/сек. Апрелде ки­рип, августтун аягында тартылат. Сугатка пай­даланылат, андан ондон ашык сугат каналда­ры башталат. Жээгинде Сары-Булак, Көк-Жар кыш. жайгашкан.