ЖООН-АРЫК КАПЧЫГАЙЫ
ЖООН-АРЫК КАПЧЫГАЙЫ – Ички Теңир-Тоодогу антецеденттик капчыгай. Үкөк ж-а Баба- Ата тоолорун кесип, меридиан багытында 45 кмге созулуп жатат. Кочкор р-нунун аймагында. Деңиз деңг. бийикт. 1900–2100 м, туурасы 200–300 м. Капталдары бийик (300–800 м), тик (45–65°). Капчыгай аркылуу Чүй д-нын башы – Жоон-Арык суусу агат. Капчыгай палеозойдун сланецтери м-н кумдуктарынан түзүлгөн. Түндүгү кууш, зоокалуу, гранит теги жер бетине чыгып жатат, түштүгү кенен, таманы кашаттуу. Кээ бир жери – кууш шаңшаар. Капчыгайга бетеге, шыбактуу жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүн Нарын обл. м-н байланыштыруучу автомобиль жолу өтөт. Ошол эле жолдун тарамдары Кочкор өрөөнүн Кара-Кужур, Төлөк өрөөндөрү м-н байланыштырат.