ЖООН-АРЫК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖООН-АРЫК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы дарылык касиети бар, жер астынан чыккан минералдуу арашан суу. Теңдик кыш-нын жанында, Жоон-Арык суусунун шилендисинин аймагында жайгашкан. 1981-ж. чалгындалып, 1990-ж. запасы бекитилген. Терм-минералдык суу неоген мезгилинин оробашы ж-а шабыркөл свиталары м-н байланышып, бургулоо көзөнөгү аркылуу 1500 м тереңдиктен агып чыгат. Суунун темп-расы 43°Сден 61,3°Сге чейин. Жер үстүнө чыккан суунун салыштырмалуу дебити 0,054–0,055 л/с. Хим. курамы б-ча суу хлорлуу, натрий-кальцийлүү, кургак калдыгы 37,24 г/дм3ден 40 г/дм3ге чейин. Суу муун, сөөк, жараат, нерв, гинекология ооруларын киринүү жолу м-н дарылоого жарамдуу. Бекитилген запасы: В категориясы б-ча суткасына 242 м3.