ЖООН-ДӨБӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖООН-ДӨБӨ – Талас обл-нун Кара-Буура р-нундагы кыштак. Ак-Чий айыл округуна караштуу. Тараз – Талас автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 895 м бийикте жайгашкан. Ра-
йондун борбору Кызыл-Адыр кыш-нан 3 км түш.-батыш тарапта. Маймак т. ж. бекетинен 13 км. Кыштак 1931-ж. негизделген. Калкы 2147 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, оорукана, кесиптик-тех. окуу жайы, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү, соода түйүндөрү, почта бөлүмү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакка жакын жерде 5– 12-к-га таандык шаар чалдыбарынын калдыгы сакталган.