ЖООН-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖООН-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ – биздин замандын I–V кылымдарына таан­дык мүрзөлөр. Талас суусунун сол өйүзүндө, Кең- Арал кыштагынын түштүк-чыгыш тарабында жай­гашкан. Көрүстөндө 30дан ашуун дөбө-мүрзө болгон, бийикт. 6 м, диаметри 50 м. Сөөктөр жарма жана төрт чарчы жөнөкөй көрлүү мүр­зөлөргө коюлган. Казуу убагында карапа, жы­гач идиштер, түрдүү түстөгү шуру, мончоктор, кылыч сыныктары, асыл таш чөгөрүлгөн ал­тын асемдер, жаанын жебелери жана башка буюмдар табылган. 1898-жылы финн илимпозу Г. Гейкель, 1960-жылы кыргыз археологу Ы. Кожомбердиев изилдеген.