ЖООШБАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖООШБАЙ Борсол уулу (1840, азыркы Ысык- Көл обл., Тоң р-ну, Дөң-Талаа айылы – 1919, ошол эле жер) – эл куудулу. Анын куудулдук өнөрү элге агасы Байсерке манап м-н иниси Момо ажыга мейманга келген «мыктыларды» келе­келөөдөн, турмуштагы терс көрүнүштөрдү мыс­кылдаган жоруктары, курч сөздөрү м-н тааныл­ган. Атасынын купулуна анчалык толбой, «тен­тек, жинди» аталган. Куудулдугу 11–12 жашы­нан эле билинген. Анын айрым манап, бай, молдо, дегеле калыстыктан тайып, ашкере кет­кендердин терс кылык-жоруктарын мыскылда­ган күлкүлүү жоруктары эл арасына кеңири та­раган. Ж-дын алгачкы орчундуу окуясы байдын баласы Жуманын бээсин, бир баштык тамеки­син алдап алуудан башталган. Анын ар бир окуясы өзгөчөлүгү, күлкү жаратуусу, кыймыл­аракети, касиети м-н кайталангыс. Колдо бар маалыматтарга караганда анын бир тууган ага­сы Байсерке айыл бийлеп, манап аталган адам болгон. Көпчүлүк кылык-жоруктары агасынын керт башына, үй-бүлөсүнө, конокторуна, жол­дошторуна байланыштуу. Ж-дын өмүр жолу ж-дө толук маалымат сакталбаса да, анын күл­күлүү жоруктары тууралуу кыска уламыштар, окуялар ушул күнгө чейин эл арасында айты­лып жүрөт. Мис., бир топ окуялары атасы Бор­солго байланыштуу («Суудан кечирдим», «Тай­лак болуп боздодум», «Борсол жинди», «Атам­ды коркуттум», «Мейман күтүү» ж. б.). «Тай­лак болуп боздодум» окуясында атасынын баёо­лугун, сараңдыгын тамашага салат. Ал курч, күлкүлүү окуяларды түзө билген куудул гана эмес, сөзгө чебер, сөздү так, кыска, өз орду м-н айтып, каршысын катуу шылдыңга калтырга­ны м-н өзгөчөлөнгөн. Байсеркенин үйүндө ко­нок болуп отурган бий-болуштарга «көрүнүшү», агасынын «айтканын» аткарып, «чечинип» са­лып кызмат кылышы, коноктордун аттарын «жайлап» салган окуялары кирет. «Карыган ку­дай колдо» аттуу жоругу эл ичине ылакап бо­луп тараган. Ал тектүү, оокаттуу үй-бүлөдөн чыкса да, куудулдугу, айла-амалы м-н бай-ма­наптарды, бий-болуштарды, соодагер, кожо­молдолорду, эшен-калпаларды шылдыңга алып, карапайым элдин таламын талашкан. Анын жоруктары муундан-муунга, ооздон-оозго өтүп, ушул кезге чейин маанисин, баалуулугун жо­готпой, азыр да курч, өткүр («Жер көтөргөн көк өгүз сайгактап кетсе не болот?» дегендей), мыс­кыл сөздөрү, күлкүлүү окуялары калктын көр­көм табитинен өчпөй, фольклордук кенчке си­ңип кеткен. Кыргыз эл жазуучусу Т. Сыдыкбе­ков Ж-дын эл арасында айтылып жүргөн көп­төгөн окуяларынын негизинде «Жоошбай» де­ген повесть жазган («Күлкү жана өмүр», 1988).


Чыг.: Китепте: Эл куудулдары. Ф., 1987.