ЖОРОБЕКОВА 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖОРОБЕКОВА Арзыгүл Мамаюнусовна [19. 5. 1968-ж. т., Ош обл., Жаңы-Жол р-ну, Караван айылы (азыркы Жалал-Абад обл., Аксы р-ну, Кербен ш.)] – юрист, юридика илимд. доктору (2008). 1991-ж. СССР ИИМдин Рязань жогорку мектебин бүтүргөн. 2001–08-ж. КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебинде кылмыш укугу, кримонология ж-а алдын алуу кызматы кафедрасынын доценти, 2008-жылдан КР ИИМдин Э. Алиев атн. академиясында начальниктин орун басары. 100дөй ил. эмгектин (а. и. 3 монография, 1 окуу китеби) автору. ²² даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Уголовно-правовые средства защиты личности несовершеннолетних. Б., 2002; Проблемы совершенствования мер борьбы с преступностью несовершеннолетних. Б., 2006.