ЖУВАЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУВАЗ – өсүмдүк уруктарынан май чыгаруучу (май жуваз) ж-а шалы актоочу (ак жуваз) жө­нөкөй түзүлүштөгү жабдык. Алгач жуваздардын дөңгөлөгүн бир же эки киши жөө түртүп айлан­дырышкан. Бара-бара ага өгүз, эшек, ат чегиле баштаган. Акырында жуваз тегирмен сыяктуу эле суунун күчү (бара) м-н жүргүзүлгөн. Май жуваздын соку сымал бөлүгү бир же бир нече катуу чулу жыгачтан жасалып, айрымдарынын ичине жука темир капталган. Жуваз чоң соку таштарды чуң­курайта терең оюп да жасалган. Булардын жан­чууру (сок билеги) оор келип, анын учу сокунун түбүнө текши тийгендей жалпагыраак жасалып, айрымдарына темир капталган. Жуваз жанчуур кишинин, унаанын же суунун күчү м-н иште­ген. Айрым жуваздын жанчууру башкача: кыска ок темирдин эки учуна бекитилген эки чоң дөңгөлөк таш атайы жасалган чоң жалпак таш­тын үстү м-н дөңгөлөнүп, урукту (данды) жан­чып, аралашмага айландырган. Уруктар текши жанчылган соң, абдан салмактуу кыскычтар аркылуу майы бөлүнүп алынган. Ак жуваздын со­кусунун түбү май жуваздыкынан да чуңкур жасал­ган. Сокбилегинин учу май жуваздыкындай тек­ши жалпак эмес, сүйрүрөөк келип, сокусунун түбүнө жете бербегендиктен, шалыны былчы­ратпай, кабыгын гана түшүрүп, акшакты да аз чыгарган. Жуваз Кыргызстандын түштүк аймактарында колдонулат. Учурда жувазда май тартуу, шалы ак­тоо иштери механикалаштырылган.