ЖУКЕЕВ
ЖУКЕЕВ " 'Таабалды (рев-ячыл жашыруун аты – Пудовкин Александр Александрович; 1882, Каракол уезди, Жети-Өгүз болуштугу – 1930, Нарын ш.) – кыргыздан чыккан алгачкы больше-

виктердин бири. Кедей үйбүлөдөн. Жаш чагынан байларга малай жүргөн. 1899-ж. кожоюну мал айдатып барып, Анжиян ш-на таштап кеткен. Ошол жылы Ташкентке келип, т. ж. устаканасына жумушчу болуп орношкон. 1905-ж. жумушчулардын иш таштоосуна катышканы үчүн сүргүнгө айдалып, андан качып чыккан. 1907-ж. Ташкент ш-нда полициянын башчысына кол кайырганы үчүн кармалып, дарга асып өлтүрүүгө өкүм кылынган, кийин ал 15 жылдык сүргүнгө алмашылган. Февраль рев-ясы учурунда бошонуп, 1918-ж. Кызыл Армиянын катарына өткөн, 1919–20-ж. Москва губерния-
сында, Урал обл-нда, Түш. фронтунда кызмат
өтөп, Крым, Кавказда ак гвардиячыларга каршы күрөшкөн. 1920-ж. Түркстан фронтундагы тергөө бөлүмүндө, 1924-жылдан Кырг-нда сов.,
чарбалык кызматтарда иштеген. Нарын ш-нда анын эстелиги орнотулуп, музейи ачылган. Респнын бир нече шаарларынын көчөлөрүнө Ж-дин ысмы берилген.
Ад.: Бектенов К. Таабалды Пудовкин. 1–2-к. Ф., 1959–62; Семенков В. И. Борец за народное дело (Т. Жукеев – А. А. Пудовкин). Ф., 1963.