ЖУКОВСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУКО́ВСКИЙ Николай Егорович [5(17). 1. 1847, азыркы Владимир облусу, Орехово кыштагы – 17. 3. 1921, Москва] – орус илимпозу, аэродинамика­ны негиздөөчү. 1868-жылы Москва университетин бүтүргөн.

1870-жылдан 2-Москва аялдар гимназиясынын, 1872-жылдан Москва жогорку техникалык окуу жайын­да (МЖТОЖ) окутуучу, доцент. 1882-жылы «Кый­мылдын бекемдиги жөнүндө» эмгеги үчүн мате­матика илимдеринин доктору наамын алган. 1885-жыл­дан өмүрүнүн акырына чейин МЖТОЖдо ж-а Москва университетинде иштеген. 1894-жылдан Петер­бург, 1917-жылдан Россия ИАнын корреспондент-мүчөсү. 1905-жылдан Москва математика коомунун президен­ти. 1902-жылы Жуковскийдин жетекчилиги м-н Европада­гы биринчи аэродинамикалык түтүк (Москва ун­иверситетинде) курулган ж-а 1904-жылы Кучинодо аэроди­намикалык институт түзүлгөн. Борбордук аэрогидроди­намика институтунун уюштуруучусу (1918) ж-а алгач­кы жетекчиси болгон. Жуковскийдин илимий эмгектери эң башкысы авиациянын теориясына арналып, өзү «oрус авиациясы­нын атасы» деген ардактуу наамга татыктуу болгон. Ал с а м о л ё т т у н аэродинамикалык эсептөөлөрүнүн, анын динамика­лык узата турук­туулугунун ж-а б е к е м д и г и н и н эсептөөлө рүнүн негизин түзгөн. Ал – катуу нерсе­лердин механика­сы, астрономия, математика, гидродинамика, колдонмо механи­ка, машиналарды жөндөө теориясы ж. б. тар­мак богюнча көп сандаган оригиналдуу изилдөө­лөрдүн автору. Москвада ж-а Жуковский шаарында окумуштууга эстелик тургузулган ж-а илимий-мемо­риалдык музейи түзүлгөн.

Чыг.: Собр. соч., т. 1–7, М.; Л., 1948–50; Теоре­тическая механика, 2-е изд., М.; Л., 1952.

Ад.: Космодемьянский А. А. Н. Е. Жуковский. М., 1984.