ЖУМАБАЕВ 8

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБАЕВ Шайбек Гиязович [20. 8. 1949-ж. т., Ош (азыркы Баткен) обл., Лейлек р-ну, Та­гай кыш.] – генерал-майор (2005). 1973-ж. Во­ронеж мамл. ун-тин бүткөн. 1967–68-ж. Ош ш-нда Кырг-ндын 40 жыл­дыгы атн. мектепте муга­лим, 1973–74-ж. Ош а. ч. тех­никумунда комсомол к-ти­нин секретары, 1974–91-ж. Кыргыз ССР Мамл. коопсуз­дук к-тинин Ош обл. б-ча башкармалыгында бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, началь­ниги, 1991–96-ж. Жалал-Абад обл. б-ча топтун улук

оперуполномочени, бөлүмдүн начальниги, 1996– 97-ж. КРдин Улуттук коопсуздук министрли­гинин Жалал-Абад обл. б-ча башкармалыгында начальниктин орун басары, 1998–2002-ж. КРдин Улуттук коопсуздук министрлинде башкарма­лыктын начальнигинин орун басары, началь­ниги, 2002-ж. КРдин Мамл. бажы инспекция­сында кадрлар башкармалыгынын начальниги, 2002–03-ж. КРдин Финансы министрлигинин алдында киреше б-ча к-тинде кадрлар башкар­малыгынын начальниги, 2003–05-ж. Ысык-Көл, Манас, Жалал-Абад бажыканаларынын началь­ниги, 2005–06-ж. КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.