ЖУМАКМАТОВ
ЖУМАКМАТОВ Асанкан (16. 6. 1923, Чүй обл.‚ Кант р-ну‚ Ысык-Ата айылы – 21. 7. 2008, Бишкек) – дирижёр‚ комп., Кыргыз CCРинин исквого эмг. сиң. ишмери (1958)‚ Кыргыз CCР эл

арт. (1969)‚ CCCР эл арт. (1977)‚ КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1972), Кыргыз Эл Баатыры (2003). 1938-ж. Фрунзедеги пед. техникумда окуган. 1938–42-ж. Кыргыз муз. драма театрынын оркестринде барабанчы болуп иштеген. 1939-ж. Москвада өткөн Кыргыз иск-восунун он күндүгүнө катышкан. CCCР мамл. симф. ор-

кестринин музыканты (1941)‚ Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941–44). П. И. Чайковский атн. Москва консерваториясынын улуттук студиясын (1945–47)‚ консерваториянын дирижёрлук ф-тин (1952–57) бүтүргөн. Ошол эле мезгилде Москвадагы Моссовет атн. театрда башкы дирижёр‚ муз. жетекчи, 1957–62-ж. Кыргыз опера ж-а балет театрында дирижёр‚ башкы дирижёр‚ 1962–72-ж. Азербайжан мамл. опера ж-а балет театрында башкы дирижёр ж-а Кыргыз мамл. филармониясынын К. Орозов атн. эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру ж-а көркөм жетекчиси‚ 1969-ж. Кыргыз ССР телерадиокомитетинин симф. оркестрин уюштуруп, анын көркөм жетекчиси ж-а башкы дирижёру, Кыргыз опера ж-а балет театрында башкы дирижёр ж-а директор (1979–82)‚ «Насыйкат» камералык ансамблинин башкы дирижёру (1989– 92)‚ Кыргыз улуттук консерваториясында педагог (1993–2008), проф. (1996)‚ Кырг-н муз. коомунун төрагасы (1983–2008-ж.). Ж. көптөгөн улуттук ж-а дүйнөлүк операларга («Айчүрөк»‚ «Ажал ордуна»‚ «Көл боюнда»‚ «Cуу периси»‚ «Аида»‚ «Евгений Онегин» ж. б.) дирижёрлук кылган. Муратаалы‚ Карамолдо‚ Ыбырай‚ Атайдын күүлөрүн‚ Муса‚ Жумамүдүн‚ Рыспай ж. б. обончулардын ырларын оркестр үчүн иштеп чыккан. Ж. – «Салтанаттуу увертюра», «Мукаш Абдраевдин элесине» симф. поэма, «Майрамдык бий», оркестр үчүн скерцо ж. б. чыгармалардын автору. Эмгек Кызыл Туу‚ Кызыл Жылдыз‚ III даражадагы Манас ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.