ЖУМАНАЗАРОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖУМАНАЗАРОВ Сатымкул барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАНАЗАРОВ Сатымкул (17. 9. 1951, Талас облусу, Кара-Буура району, Жоон-Дөбө айылы – 2. 4. 2007, Бишкек) – спортчу, жөө күлүк. СССР спор­тунун эмгек сиңирген чебери (1981). Кыргыз мамлекеттик

дене тарбия институтун бүтүргөн (1980-жыл). 1985–91-жылдарда Биш­кек шаарындагы «Колхозчу» ж-а «Эмгек резервдери» ык­тыярдуу спорт коомдорун­да машыктыргыч, 1992-жыл­дан Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасындагы спорт ком­плексинде башкы дирек­тор. Жеңил атлетика м-н 1968-жылдан машыккан. 1974-жылы «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросс­тун бүткүл союздук финалында 14 км аралыкка чуркоодо 2-орунга чыккан, СССРдин чемпио­наттарында 10 км аралыкка чуркоодо коло ж-а күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-Олимпиялык оюндарда 42 км 195 км аралыкты 2 с 11 мин 16 секда чуркап өтүп, советтик марафончулардын олимпиялык жарышка катышуу тарыхында 1-жолу 3-орунду ээлеп, коло медаль жеңип алган. 1977–80-жылдарда өткөн СССР чемпионаттарында күмүш медалдар­ды алган. Япония, Германия, Грекия, Финлян­дияда өткөрүлгөн марафондук чуркоодо да же­ңиштерге жетишкен. СССР – Американын жол­доштук беттешүүлөрүндө 1000 мге чуркоодо ал­дыңкы орунду ээлеген. Медалдар м-н сыйланган.