ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ
ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо, Жумгал кырка тоосу м-н Түн. Кабак ж-а Соң-Көл тоолорунун аралыгында жайгашкан. Кызарттын белинен Көкөмерен суусуна чейин 80 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 30 км, таманы деңиз деңг.

1500–2600 м бийикте; батышты карай
өрөөн жапыздайт да (1485 мге чейин) таманы кеңейип, Кайырма кыш-на жакын 25 кмге жетет. Чаектен батышты карай өрөөн кайра кууштай баштайт (10 кмге чейин). Тоо этегиндеги
түзөңдөрдүн туурасы 4–8 км келип, Жумгал суусун карай эңкейиштеп (5–7°), суу боюндагы тектирлерге өтөт. Ж. ө-ндө палеоген, неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тоо тектер жатат. Ж. ө-нүн тоо капталдарында таш туз, жер астындагы суу, күрөң көмүр (Кара- Кече), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты кескин континенттик. Жайы ысык (30–32°Сге чейин), кышы суук (–30... –35°Сге
чейин). Январдын орт. темп-расы –16°Сге чейин. Июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны 250–500 мм. Өрөөндүн айланасындагы тоолордо мөңгү ж-а көп жылдык кар өтө аз, ошондуктан суулары кичине. Ж. ө -нө боз шыбактуу жарым
чөл, шыбактуу-бетегелүү кургак тал аа, бет еге, ак кылкандуу талаа, шалбаа ж-а шалбаалуу талаа, субальп ж-а альп ландшафттары мүнөздүү. Жарым чөл
өрөөндүн Көкөмеренге туташ жаткан батыш бөлүгүндө тараган (шыбак, терскен, бетеге, ч и й арал аш
өсөт). Кургак талаа ж-а талаа алкактары 1700–
2700 м бийиктеги тоо капталдарына, бөксөлөргө мүнөздүү. 3200–3300 мге чейин субальп, андан жогору альп шалбаасы тараган. Кара-Кече, Көлмө ж. б. сууларынын өрөөнүндө бир аз карагай токою бар. Жумгал суусунун боюнда тал, терек, чычырканак, жыгач бадалдар өсөт.
Өрөөндө мал чарба ж-а дыйканчылык өнүккөн. Күнгөй беттеринде кар туруксуз болгондуктан, кышкысын мал кыштатылат. Тескей тарабындагы шалбаа, шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдаланылат. Дыйканчылык айрыкча Жумгал суусунун оң өйүзүндө өнүккөн. Мында буудай, арпа, жүгөрү, сулу ж-а көп жылдык тоют
өсүмдүктөрү, о. эле жашылча-жемиш (батыш
бөлүгүндө) өстүрүлөт. Айдоо аянтынын көбүн тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Ж. ө-ндө байыркы, о.кылымдагы элдүү пункттардын калдыктары (Кайырма), башка тарыхый эстеликтер бар.