ЖУМУРТКА
ЖУМУРТКА – уруктангандан кийин жаңы организм өрчүүчү энелик клетка; үй куштарынан алынуучу баалуу диеталык тамак-аш продуктусу. Ж. сарысы, агы, чел кабык ж-а кабыктан турат. Ж-нын морфол. белгилери, физ. касиеттери, хим. курамы куштун жашына, ген. өзгөчөлүгүнө, тоютуна ж-а багылышына жараша болот. Бардык эле үй куштарынын Ж-лары формасы ж-а өлчөмү б-ча бирдей эмес. Ж. алынуучу тоок породаларынын Ж-сы жумуртка-эт багытындагы тооктун Ж-ларына караганда сүйрүрөөк (учтуураак) келет. Куш Ж-ларынын ичинен эң чоңу – каздын Ж-сы. Андан кийинки орунда (чоңунан кичинесине карай алганда) күрп, өрдөк, тооктун Ж-лары. Куш Ж-ларынын салмагы: тооктуку 55–65 г, каздыкы 110–180 г, күрптүкү 110 г. Ж-нын сарысы – эң баалуу бөлүгү. Ал – адам организмине керек белок, май, минерал заттар, о. эле В, А, Д, Е витаминдерине бай. Ж-нын сарысында адамдын организмине керек лецитин бар. Ж-дагы минерал заттар: кальций, фосфор, магний, калий, хлор, натрий, темир ж. б. Ж. организмге дээрлик толук сиңет. Каз, күрп, өрдөк Ж-лары тамакашка аз керектелип, көбүнчө балапан чыгаруу үчүн жумшалат.