ЖУСУП МАМАЙ
ЖУСУП МАМАЙ (1918-ж. т., КЭР, Кызыл-Суу Кыргыз автономия обл., Ак-Чий ооданы, Кара- Булак айылы, Ат-Жайлоо конушу) – кызылсуулук манасчы. Агасы Балбай сегиз жашынан Ж. М-га «Манас» эпосу баштаган, «Кербала», «Залзал-Заркум», «Шаймаран», «Кыз-Жибек» дастандарын ж-а өзү бир нече жыл чогулткан элдик чыгармалардын кол жазмасы м-н тааныштырып, окута баштаган, «Манас» айтуунун ыкмаларын да үйрөткөн. 1932-ж. элдин өтүнүчү б-ча биринчи жолу «Манас» айтып берген. Эки жылдан

кийин 18 жаш курагында, Жумакун Мамбетакун манасчы айтып жаткан «Алмамбеттин арманын» угуп, анын токтогон жеринен Ж. М. «Алмамбеттин Көкчөгө баргандагысын» кошуп айтып бүтүрөт. Ошондон кийин Ж. М. манасчы деген атка конот. 1961-ж. Шинжаң Уйгур автономия р-нунун борборунда көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Ж. М. айткан вариантты жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жыл аралыгында 110 000 ыр сап кагазга түшүрүлгөн. 1964–66-ж. экинчи ирет ил. экспедиция жиберилет. Бул жолу манасчыдан 196 000 ыр сап кагазга түшүрүлөт. 1966-ж. Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1966–78-ж. манасчы саясий куугунтукка туш болот. Ал үй-жайынан ажыратылып, Ак-Булуң деген айылга көчүрүлөт. Бул каардуу жылдары 1937-ж. атылып кеткен агасы Балбай айтып берген Манастын урпактары тууралуу баянды Ж. М. өз алдынча кагазга түшүрө баштайт. 1978-ж. Пекинге чакырылып, манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат. 1964-ж. жазылып алынган материалдардын ичинен Ж. М-дын «Семетей» бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калган. Сакен Өмүр, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан Манастын 8 урпагы кагазга түшүрүлгөн (Манас – 50 миң ыр сап, Семетей – 37 миң ыр сап, Сейтек – 25 миң ыр сап, Кененим – 34 миң ыр сап, Сейит – 11 миң ыр сап, Асылбача-Бекбача – 30 миң ыр сап, Сомбилек – 11 миң ыр сап, Чигитей – 12 миң ыр сап). 1983-ж. кагазга түшүрүү иши аягына чыгат. Ж. М-дын 18 томдон ж-а 200 миң ашуун ыр саптан турган варианты толугу м-н кагаз бетине түшүрүлөт. 1984-ж. «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт. Мындан сырткары Ж. М-дын варианты б-ча «Курманбек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар жарыкка чыгат. 2005-ж. Ж. М-дын айтуусундагы «Манас» эпосунун толук варианты кыргыз арибинде Кытайдан чыккан. Анын манасчы катары калыптанышына учурунда бир тууган агасы Балбай жазып алган Чоюке, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай манасчылардын варианттары да чоң
таасир берген. Кырг-нда Ж. М-дын чыг-лыгын ж-а ал айткан «Манас» эпосун С. Алиев, Т. Кулматов, К. Жусупов, К. Жумалиев, М. Жумалиев, К. Кырбашев, К. Артыкбаев, Р. Кыдырбаева, Ж. Орозобекова, Кытайда: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ызак, Жусупакун апай ж. б. изилдеген. Ж. М. 1990-ж. Үрүмчү ш-нда өткөрүлгөн «Манас» эпосу б-ча Эл аралык ил. конф-яга катышкан. Кырг-нга биринчи ирет 1992-ж. С. Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, кийин 1995-ж. «Манас» эпосунун 1000 жылдык салтанатына конок катары чакырылып, «Манас» эпосун жайылтууда сиңирген эмгеги үчүн КРдин эл артисти деген ардактуу наам берилген. КЭРде Ж. М-дын өмүр таржымалына ж-а чыг-лыгына арналган «Залкар манасчы Жусуп Мамай» (авторлору: Токтобүбү Исак кызы ж-а Адыл Жума Турду уулу) деген китеп 2007-ж. Пекиндеги Улуттар басмасынан жарык көрдү. Бул китеп араб ариби м-н эмес, жайы кытайлык кыргыздар үчүн кыргыз арибинде басылган. 2007-ж. I даражадагы Манас ордени м-н сыйланган.
Ад.: «Манас» эпосу жөнүндө. Б., 1994; Алиев С., Кулматов Т. Жусуп Мамай // Манасчылар жана изилдөөчүлөр. Б., 1995; Кыргыздар. 4-китеп. / Түз.: К. Жусупов. Б., Кыргыз руху – «Манас». Б., 1995; 1997; Кырбашев К. Манасчы Жусуп Мамай. Б., 1997. Т. Бакчиев.