ЖУЧУ УЛУСУ
ЖУЧУ УЛУСУ – 1224-жылы Чыңгызхан Дешт-и Кыпчакты, Хорезмге караган аймактарды толук бойдон тун уулу Жучуга бөлүп бергенде пайда болгон ээлик. Жучу улусу Болгар жеринин түндүк-чыгышынан баштап, Днестр дарыясынын батышын, Крымдын түштүк-батышындагы тоолорду ж-а Кавказда Баку, андан Түндүк Хорезмдин Үргөнч шаарларын өзүнө камтып, чыгышынан Сыр-Дарыянын төмөнкү алабы м-н Батыш Сибирге чейин созулган. Жучу өлгөндөн кийин (1227), бул жерлер анын баласы Батыйга тийип (1227–56), ал Жучу улусунун чыныгы негиздөөчүсү болуп эсептелет. Батыйдын тушунда Жучу улусу жаңы каратылган орус ж-а Чыгыш Европа жерлери аркылуу кеңейтилген. Кийин Жучу улусу Ак (Батыш) ж-а Көк (Чыгыш) ордолорго бөлүнгөн. Чынгызхандын тукуму Алтынбешик деп эсептелгендиктен, кийинки тарыхый чыгармаларда Ак Ордо Алтын Ордо деп аталып калды.
Ад.: Греков Б. Д., Якубовский А. Ю. Золотая Орда и её падение. М.; Л., 1950; Вернадский Г. В. Монголы и Русь. М., 1997.
Т. Жуманалиев.