ЖЫГАЧ АРХИТЕКТУРАСЫ
ЖЫГАЧ АРХИТЕКТУРАСЫ – архитектуранын жыгачтан имарат куруу тармагы; ал ж ыг а ч т ы н түрдүү касиетинен ж-а куруу ыкма-


сынан келип чыккан өзгөчөлүктөргө ээ. Жыгач бекем, жеңил ж-а иштетүүгө ыңгайлуу болгондуктан, ал жакшы курулуш материалы болуп саналат. Ж. а. – курулуш иштеринин байыркы түрлөрүнүн бири. Жыгач курулушу 2 конструкциялуу системада: көтөрмө (ичинде топурак, кум-таш ж. б. түшүп кетпегендей кылып жыгачтан жасалган 4 бурчтуу курулуш) ж-а кереге түрүндө өнүккөн. Керегелүүсү нечен кылымдан бери өзгөрүүсүз колдонулуп келет. Мурда көп элдерде (айрыкча оруста) жыгачтан шаар, кыштактар салынган. Жыгач өрткө ж-а узак убакытка туруштук бере албагандыктан, Ж. а-нын байыркы эстеликтери жок болуп кеткен. Негизинен 17–19- ж-а бир аз 12–16-к-дагы курулуштар сакталган. Ж. а. шаарлардын калыптанышында зор роль ойногон. Байыркы жыгач ку-

рулуштар адабий маалыматтар б-ча гана белгилүү. Көтөрмө тутумдуу турак жайлар Россия, Беларуссия, Украина, Балтика бою, Польша, Румыния, Финляндия ж. б. өлкөлөрдө көп кездешет. Чарба курулуштарын (кампа, тегирмен, көпүрө, мончо) ж. б. курууда калк арасынан чыккан чеберлердин өнөрү кеңири таралган.
Ад.: Всеобщая история архитектуры. Т. 4–9. М., 1966–71; Лисенко Л. М. Дерево в архитектуре. М., 1984.