ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮЧҮ СТАНОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮЧҮ СТАНО́К – жыгач мате­риалдарын керектүү өлчөмгө жана түргө келти­рип иштетүүчү жөнөкөй машина. Анда ар түрдүү жыгач материалдарынан (тактай, фанера, жы­гач такта жана башка) буюмдар менен жасалгалардын (эмерек, вагон, кеме жана башка) тетиктери, даяр бу­юмдар (эмерек, терезе, каалга, паркет, лыжа, кеңсе буюмдары жана башка) даярдалат. Аткарган жу­муштун түрүнө жараша – жыгачты кескич, ий­гич, жыйноочу, желимдөөчү жана жасалгалоочу болуп бөлүнөт. Жыгач кескич станокто – жы­гач араалоо, фрезалоо, жонуу, көзөө, оюу, сүрүү жана жылмалоо иштери аткарылат. Жыгач ийүүчү станок жыгач бөлүкчөлөрүнүн байланы­шын бузбай ийип, керектүү түргө келтирет. Жый­ноочу станокто айрым даяр тетиктер – мык, сай­луу мык, тээк жана башклар менен бекитилип, буюм жаса­лат. Жасалгалоочу станокто даярдалган буюм­дардын бетине лак сүйкөлүп, ар түрдүү оюм-чи­йим түшүрүлөт.