ЖЫГАЧ МАТЕРИАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ МАТЕРИАЛДАР – жыгачтын табигый физ. түзүлүшүн ж-а хим. касиеттерин сактаган материалдар. Алар иштетилүүчү ж-а иште­тилбөөчү болуп бөлүнөт. Иштетилбеген Ж. м-га бутактары кыркылып, керектүү узундукта ке­силип алынган устундар кирет. Бул устундар­дын кабыгы аарчылгандан кийин, ө. ж-да, ту­рак үй курууда, байланыш ж-а электр зым­дарына түркүк же мамы, жер астындагы кен байлыктарды иштетүүдө бекитүүчү материал катары пайдаланылат. Иштетилген Ж. м-га ти­линген материалдар (тактай, шпал, брус, пар­кет тактайы ж. б.), таарылган ж-а сүрүлгөн так­тайчалар кирет. Ж. м-дын сапаты стандартташ­тырылган, анда жыгачтын сорту, түрү, иште­тилүүдөгү кемчиликтери көрсөтүлөт.