ЖЫЛ-АЛДЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫЛ-АЛДЫ – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Жыл-Алды айыл округуна караштуу. Жыл-Алды суусунун боюнда, деңиз деңг. 990 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 10 км түн. тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 59 км. Кыштак 1908–10-ж. негизделген. Калкы 2950 (2009); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүндөрү, май жуваз цехи, мончо иштейт.