ЖЫЛАМЫШ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛАМЫШ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 3-к. – б. з. 5-к-нда усун урууларынан калган мүрзөлөр. Со­кулук р-нундагы Жыламыш суусунун батыш тарабындагы тектирде жайгашкан. Ж. к-ндөгү бир нече мүрзө а. ч. иштеринин жүрүшүндө тал­каланган. Мүрзө дөбөлөрү таш ж-а топурак үйүндүсүнөн туруп, түндүктөн түштүктү карай тизмектешип жайгашкан. Мүрзөлөрдүн бийикт. 0,10–1,15 см, диаметри 5–16 м. Маркумдардын сөөктөрү бурчтуу казылган аңдарга ж-а жар­ма көрлөргө чалкасынан жаткырылып, башы түн.-батышка каратылып коюлган. Көрүстөнгө коюлган адамдардын антропол. түзүлүшүндө ев­ропеоид ж-а монголоид тибиндеги аралашмалар­дын белгилери бар. Көрүстөндөн карапа идиш­тер, кездеме калдыгы, темир канжар, бычак, сөөктөн жасалган жаа бастырмалары, алтын жалатылган курдун тогоосу ж-а маркумга ба­гышталып союлган малдын сөөктөрү табыл­ган. 1963-ж. археолог А. Абетеков ачкан ж-а изилдеген.