ЖЫЛАНЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛАНЧЫ (Circaetus gallicus) – карчыгалар уруусундагы куш. Канатын жайгандагы жазы­лыгы 1,9 мге жетет. Тырмагы учтуу, аны м-н табылгасын мыкчып кармайт. Кыргыз, Талас, Чаткал, Фергана тоо кыркаларында аз болсо да жолугат. Көбүнчө Түштүктүн жаңгак-жемиш то­койлорунда уялайт. Жылына бир жолу бирден жумуртка тууп, басып чыгарат.

Балапаны ал­гач ак, анан акырындык м-н кара кочкул таргыл түскө өтөт. Ж-лар көп учурда жылан, кескелди­рик , чанда бак а, к е - мирүүчүлөр м-н азык­танат. Бул түрдүн саны азайып кеткендиктен, 1968-жылдан Кырг-ндын Кызыл китебинине кир­гизилип, коргоого алын­ган.