ЖЫЛДЫЗЧА ТАРМАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛДЫЗЧА ТАРМАК – борб. компьютер м-н байланышкан бир же андан көп терминал же кичине компьютер. Ал жылдызча түрүндө ту­таштырылат. Жылдызча түзүлмөлүү тармакта борб. компьютер м-н тармак компьютери эки чекиттүү зым кермелер м-н байланышат. Жыл­дызча түзүлмөлүү көп тармактар эки ж-а көп чекиттүү зым кермелерди да камтышы мүмкүн. Ж. т. конфигурациясында терминалдардан кир­гизилген берилиштердин бардыгы көп учурда борб. компьютерде сакталат. Авиабилет сатуу тармагы ушуга мисал болот.