ЖЫЛТЫРКАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛТЫРКАН (Kochia) – өсүмдүктөрдүн шакар­дуулар тукумундагы уруусу. Бир жылдык чөп ж-а бадалча. Бийикт. 0,1–2 м, сабагы боз түктүү. Тамыры жоон, өзөк тамыры жыгач­танган, бозомук күрөң кабык м-н капталган. Мө мө л үү с абак т ары к ө п жал бырак т у у . Жалбырагы тасмадай. Гүлү майда. Топ гүлү – машак же чачы сымал. Жалбырак колтугуна чогулган. Ж-дын Ав­стралия, Европа, Азия ж-а Африкада 90го жакын түрү таралган. Кырг-нда 4 түрү, боздоң­до, шор топурактуу жерлерде өсөт. Алардан көп таралганы төшөлмө Ж. Ал отун ж-а малга тоют катары пайдаланылат.