ЖЫЛУУ ДЕҢИЗ АГЫМДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУ ДЕҢИЗ АГЫМДАРЫ – белгилүү бир кең­диктеги жалпы океан суу­сунун темп-расынан жы­луураак болгон деңиз агы­мы. Адатта жылуу агым­дар төмөнкү кеңдиктерден жогорку кеңдиктерди ка­рай агат. Жылуу агымдар буулануу көп болгон ай­мактардан келгендигине байланыштуу суусунун туздуулугу жогору болот;


мис., Гольфстрим, Куросио жылуу агымдары. Арктика, Антарктика тараптан келген муздак жээк агымдарына Ж. д. а. беттешкенде, ылдам­дыгы күчөйт, к. Деңиз агымдары, Муздак деңиз агымы.