ЖЫЛУУЛУК УЮЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК УЮЛДАРЫ – Жер шарында, адатта, тропик алкактарында абанын темп-расы эң жогору болгон жерлер. Эң ысык жерлер: Түн. Жарым шарда – Евразиядагы Тар чөлүндө ж-а Индияда (53°Сге чейин), Түн. Америкадагы (АКШ) Мохаве чөлүндө (Ажал өрөөнү, 56,7°С), Африкадагы Ливия чөлүндө (Эль-Азизия, 57,8°С дүйнөдөгү эң ысык жер, 1922-ж. катталган); Түш. жарым шарда – Австралиядагы Флиндерс д-нын өрөөнүндө (50°С), Түш. Америкадагы Парана д-нын өрөөнүндө (47°С), КМШнын ай­магында – О. Азиянын түштүгүндө (50°С). Аба­нын жылдык орт. темп-расы (30,2°С) б-ча дүйнө­дөгү эң ысык жер – Африкада (Эфиопиядагы Массауа ш. тушта). Дүйнөлүк океандагы суу­нун эң жогорку темп-расы Перс булуңунда (35,6°С), Мексика булуңунда (33°С), Каспийде (37,2°С) байкалган. Кырг-ндын эң ысык жери – Чүй өрөөнүнүн түн. чеги (44°С).