ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР БОРБОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕ́КТР БОРБОРУ – керек­төөчүлөргө электр энергиясы м-н ысык суу ж-а буу түрүндө берилүүчү жылуулукту бир убакта иштеп чыгаруучу жылуулук электр станциясы. Ж. э. б. негизинен отун, суу даярдоочу ж-а суу ысытуучу түзүлүштөрдөн, казандан, электр ге­нераторунан, буу турбиналарынан, бууну ке­ректөөчүлөргө бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдөн ту­рат. Ж. э. б-нун артыкчылыгы пайдаланылуу­чу бууну, сууну жылытуу м-н эле бир убакта электр энергиясын иштеп чыгат. Жылуулук жылдын белгилүү гана мезгилинде талап кы­лынгандыктан, Ж. э. б-нда буу тыгыздалат: ө. ж үчүн жыйналган буунун басымы 8–16 атм­га, жылытууга арналган буунуку 1,2–25 атмга жетет.