ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕ́КТР СТАНЦИЯСЫ – жылуу­лук кыймылдаткычтар м-н кыймылга келти­рилген генераторлор аркылуу электр энергия­сын иштеп чыгуучу ишкана. Алгачкы жылуулук электр станциясы 1882-жылы Нью-Йоркто, ал эми 1883-жылы Петербург­да, 1884-жылы Берлинде курулган. Органикалык отун күй­гөндө пайда болгон химиялык энергия жылуулук электр станциясынын жылуулук булагы болуп эсептелет. Ал колдо­нулуучу отундун түрүнө жараша катуу, суюк, газ ж-а аралаш отундуу; жылуулук кыймыл­даткычынын түрү боюнча буу турбиналуу (баралуу), газ турбиналуу (баралуу) ж-а ичинен күйүүчү кыймылдаткычтуу; берүүчү энергиянын түрүнө жараша – конденсациялуу электр станциясы ж-а жылуулук электр борборлору (теплофика­циялуу) ж. б. болуп бөлүнөт. Жылуулук электр станциясынын бир түрү катары атомдук, гелиоэлектрдик, геотер­малдык электр станциялар эсептелет. Жылуулук электр станциясынын электр жабдууларына ток генератору, бөлүш­түргүч түзүлүш, жогорулаткыч подстанция, тек-

Жылуулук электр станциясынын схемасы

шерүү ж-а башкаруу куралдары, ошондой эле жар­дамчы түзүлүштөр кирет. Азыркы учурда ку­баттуулугу 5–6 ГВт болгон жылуулук электр станциялары куру­лууда.