ЖЫЛУУЛУК ӨТКӨРГҮЧТҮК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫЛУУЛУК ӨТКӨРГҮЧТҮК – жылуулук энергиясынын нерсенин темп-расы жогору бөлүгүнөн темп-расы төмөн бөлүгүнө таралуу процесси. Ж. ө. – жылуулук берүүнүн бир түрү. Жылуулук берүүнүн башка түрлөрү болгон конвекциялык ж-а нур аркылуу жылуулук алмашуудан Ж. ө-түн айырмасы энергиянын бир орундан экинчи орунга атом, молекулалардын кыймылы м-н берилишинде. Изотроптук нерсе үчүн Ж. ө. Фурье закону м-н аныкталат. Бирдик аянт аркылуу бирдик убакытта өткөн жылуулук агымы q темп-ранын градиентине түз пропорциялаш q=–λ∆Т/∆х, мында ∆Т⁄∆х– темп-ранын градиенти, γ – Ж. ө. коэфф-и, «–» белги жылуулук агымынын ысык бөлүгүнөн муздак бөлүгүнө карай багытталышын көрсөтөт.