ЖЫНЫСТЫК БУЗУЛУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫНЫСТЫК БУЗУЛУУЛАР , п е р в е р е­ц и я л а р – жыныстык каалоонун багытталы­шынын аны канааттандыруу жолдорунун оору­луу бузулушу. Мында жыныстык кумарлануу ылайык келбеген объектиге багытталат: эркек­тердин эркектерге (гомосексуалдуулук), аялдар­дын аялдарга (лесбий сүйүүсү), жаш балдарга (педофилия), жакын туугандарына (инцестофи­лия), жаныбарларга (зоофилия), өлүктөргө (некрофилия). Ж. б. кээде ошол адамдын жы­ныстык козголуусун пайда кылуучу буюмдарга кызыгуу (фетишизм) түрүндө байкалат. Мис., бөлөк жыныстагы кишинин кийимин кийүү (трансвестизм), башка жыныстагы кишинин ал­дында жылаңачтануу, о. эле эркектердин аял­дын чачына, бет аарчысына, бут кийимине ж. б. кызыгуусу. Жыныстык канааттануу өнөгүнө ка­туу, орой мамиле жасоо (садизм) же денесин оорутуу, ындынын өчүрүү м-н да өтөт. Айрым окумуштуулар гомосексуалдуулукту, транс­вестизмди тубаса оору деп эсептешет. Ж. б-дын пайда болушуна кээ бир нерв ж-а психикалык оорулар (мис., энцефалит, мээнин жабыркашы, шизофрения), эндокриндик ж. б. бузулуулар се­беп болушу мүмкүн. Дарылоо аны пайда кыл­ган себебине карата жүргүзүлөт. Психотерапия, гормон дарылары, нейролептиктер колдонулат. Алдын алууда жыныстык тарбияны туура жүр­гүзүүнүн мааниси чоң.