ЖЫРГАЛАҢ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫРГАЛАҢ – Ысык-Көл обл-ндагы шаарча.
Адм.-айм. жактан Ак-Суу райондук кеңешине карайт. «Жыргалаң» шахтасынын ачылышына байланыштуу 1932-ж. негизделген. Ысык- Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Жыргалаң суусунун жогорку агымынын оң жээгинде, деңиз деңг. 2270 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол ш-нан 70 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 300 км. Калкы 1,0 миң (2009); калкынын
негизин кыргыздар (54,3%), орустар (37,4%)
түзөт, о. эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Негизинен шахтада эмгектенет. Ө. ж. ишканасы, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана, оорукана бар.