ЖЫРГАЛЧЫЛЫК
ЖЫРГАЛЧЫЛЫК – калктын бардыгынын‚ айрым класстын‚ социалдык топтун‚ үй-бүлөнүн‚ жеке адамдын жашоо-тиричилик үчүн зарыл болгон материалдык байлык‚ социалдык ж-а рухий дөөлөт м-н камсыз болушу. Материалдык байлык – бул тамак-аш‚ кийим‚ турак-жай‚ эмерек‚ турмуш-тиричилик ж-а мад-т буюмдары‚ транспорт‚ байланыш‚ дарылоо ж-а саламаттыкты сактоо каражаттары ж. б.; социалдык дөөлөт – жумуш м-н камсыз болуу‚ эмгек шарттары‚ социалдык камсыздоо‚ жашоонун экол. шарттары ж. б.; рухий дөөлөт – материалдык эмес өндүрүштүн мекемелери көрсөтүүчү кызмат. Ж. өндүргүч күчтөрдүн деңгээлине ж-а өндүрүштүк мамилелердин мүнөзүнө жараша болот. Өндүргүч күчтөрдүн жогорулашы Ж-тын жогорулашына өбөлгө түзөт. Бирок Ж-тын өсүшү иш жүзүндө коомдогу өндүрүштүк мамилелер м-н шартталат.