ЖЫРТКЫЧТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРТКЫЧТАР (Carnivora) – сүт эмүүчүлөрдүн түркүмү. Бор мезгилиндеги эң жөнөкөй курт­кумурска жечүлөрдөн келип чыккан. Дене уз. 11 смден (арыс чычкан) 3 мге чейин (аюулар), салм. 100 гдан 700 кгга чейин. Жыныс диморфиз­ми байкалбайт, айрым түрүнүн гана эркеги ургаа­чысынан чоңураак болот. Түсү, түзүлүшү ж-а жашоосу ар түрдүү. Көпчүлүгү тамандап басып жүрүүчүлөр, манжалары ар дайым 5, чанда гана 4, тырмактары жакшы өрчүгөн. Ж-дын көпчүлү­гүнүн үстүнкү, алдыңкы азуу тиштеринин төр­түнчүсү ж-а астынкы арткы азуу тиштеринин биринчиси (жырткыч тиштери) башка азуу тиш­терине караганда жакшы өөрчүгөн, табылгасын тытып жеш үчүн кызмат аткарат. Кылкыйма азууларынын кырлары дайыма курч. Көпчү­лүгүнүн жүнү калың, жумшак. 12 тукуму, а. и. азыркы карышкырлар, аюулар, жанаттар, суу­сарлар, көк жалдар, виверралар ж-а мышык сымалдардын 235 түрү кездешет. Ж-га кээде түркүмчө катары калак буттуулар да киргизи­лет, алар Ж-дын түпкү тегинен четтеген. Авст­ралия (байырлаштырылган түрлөрү бар) м-н Антарктидадан башка бардык жерде таралган. Негизинен күүгүмдө ж-а түнкүсүн активдүү, мо­ногамдар. Жалгыздап ж-а жупташып тири­чилик өткөрөт. Балдары сокур туулат, кеч чо­ңоёт. Көбү (аты ошондон), кээси ылгабай азык­тануучулар. Эт жечүлөр. Көпчүлүгүнүн териси баалуу, ошондуктан аларга аңчылык жасалат. Кээ бири (мис., карышкыр) мал чарбасына зыян келтирет. Жугуштуу ооруларды (мис., кутурма) таратуучулар. Көпчүлүк түрүнүн саны кескин аза­йып кеткен. 36 түрү, 20 түрчөсү ТКЭСтин, 8 түрү Кырг-ндын Кызыл китебине киргизилген.