ЖЫРТЫШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫРТЫШ – кездеменин айрып алынган бөлүгү. Көзү өткөн кишинин сөөгүн алып чыгарда аялдарга таркатылган. Жыртыш карыган киши каза болгондо гана берилет. Бул – байыркы мезгилдерден калган салт. Көп жашаган же өтө кадырман киши өлгөндө, андагы касиеттүү сапаттар көзү тирүүлөргө өтсүн деген ишеним менен алардын кийимин жыртып алып кетүү каадасына байланыштуу келип чыккан.